Бишкек шаарындагы 15 миллион сомго бааланган жер тилкелери мамлекеттин эсебине кайтарылды
RU

Бишкек шаарындагы 15 миллион сомго бааланган жер тилкелери мамлекеттин эсебине кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы 15 миллион сомго бааланган жер тилкелери мамлекеттин эсебине кайтарылды. Бул тууралуу прокаратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан "Ак-Өргө" жана "Арча-Бешик" жаңы конуштарында 15 019 880 сомду түзгөн 5 жер тилкелери мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткен фактылары аныкталган.

Алсак, Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен баасы 11 922 880 сомду түзгөн 4 жер тилкелери, Бишкек шаарынын жолдорун кеңейтүүгө багытталган жер тилкелеринин эсебинен "Ак-Өргө" жаңы конушунда турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берилип кеткен.

Мындан сырткары, аталган райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары "Арча-Бешик" жаңы конушундагы 754 орундуу мектептин курулушу үчүн бөлүнүп берилген жер тилкенин 3 097 000 сомго бааланган бир бөлүгүн жеке тарапка мыйсамсыз өткөрүп беришкен.

Жогорудагы жер тилкелерине мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү документтерди жокко чыгаруу максатында, прокуратура тарабынан сот органдарына прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, толук канааттандырылды.

Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен баасы 15 019 880 сомду түзгөн 5 жер тилкелери мамлекеттин эсебине кайтарылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1696