Sputnik V вакцинасынын бузулган дозалары. Келтирилген чыгымдын көлөмү белгилүү болду
RU

Sputnik V вакцинасынын бузулган дозалары. Келтирилген чыгымдын көлөмү белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

994 доза Sputnik V вакцинасынын бузулушунан улам келип чыккан зыян болжол менен 840 миң сомго бааланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева "Оор күндүн кечи" программасынын эфиринде билдирди.

"Биз ар бир вакцинаны - коронавирус инфекциясынан сакталып калган өмүр катары эсептейбиз. Вакцинанын эрип кетүү фактысы 30-апрелде болгон. Эч кандай жаап жашыруу болгон жок: компетенттүү органдар аныкталган факты боюнча керектүү иштерди текшерүүлөрдү жүргүзүштү жана биз коомчулукту ар дайым кабардар кылып турууга даярбыз", - деп белгилеген ал.

Мозгачева белгилегендей, вакцина эрип кеткендиктен, дароо жок кылынган жана вакцинадан жабыр тарткандар болгон эмес.

Эскерте кетсек, Бишкекте Sputnik V вакцинасынын 994 дозасы жараксыз абалга келип, эсептен чыгарылууга аргасыз болгон. Күнөө №2 ҮМБда өчүрүлүп калган муздаткычта болгон. Бул боюнча беш адамга сөгүш жарыяланган: башкы дарыгер, анын орун басары жана эмдөө бөлмөсүнүн үч кызматкери.

Иммунопрофилактика борбору кабарлагандай муздаткычты телефонду кубаттоо үчүн кыска убакытка өчүрүп, кийин кайра туташтырууну унутуп коюшкан. Себеби ҮМБнын өзүнүн иликтөөсү жүрүп жатканда, розеткадан суурулган вилка жерде чаржайыт эмес, тыкан жатканы байкалган.

Материалдык зыянды төлөө №2 ҮМБга тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1698