"Күйөөм сабап жатат. Жардам сурайм." Арабияда кыргыз аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылууда
RU

"Күйөөм сабап жатат. Жардам сурайм." Арабияда кыргыз аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Facebook колдонуучусу Дарика Аблабекова "KG DOCTORS - Кыргызстандын саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин жамааты" тайпасына Сауд Аравияда жашаган кыргызстандык аялдын билдирүүсүн жарыялаган.

Аблабекованын айтымында, аял жардамга муктаж. "Анын аты Асел Дуванаева. Сауд Аравияда жашайт. Төрт баласы бар, күйөөсү аны жакындарынын бири менен да байланыштырбай барымтада кармайт, ушу тапта Сауд Арабиядагы консулдун чара көрүүсүн күтүп жатабыз. Учурда күйөөсү бардык юридикалык документтерин жана байланыш каражаттарын тартып алган.Ал күйөөсү менен ажырашып, кичүү балдарын өзүнө калтыргысы келет. Балдар Сауд Аравиянын жарандары, ал Кыргызстандын консулдугуна жана полицияга бир нече жолу кайрылып, ур-токмокко алынгандыгын айткан, сот иши ушул жылдын 8-мартында өтүшү керек болчу, бирок күйөөсү аны үйүнө камап салган".

"Мен Асел Дуванаева. Сураныч, мага бирөөңөр жардам бергилечи. Жолдошум мени уруп-сабап, жашоомо тоскоол болуп жатат. Ал баңги зат колдонот. Мен аны менен ажырашкым келет", - дейт видеодогу аял.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1699