Акылбек Жапаров: Акаев мени "Акылбек баатыр" деп тосуп алчу
RU

Акылбек Жапаров: Акаев мени "Акылбек баатыр" деп тосуп алчу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Акылбек Жапаровду Кыргызстандын президенти Аскар Акаев болуп турган кезде, ал аны "Акылбек баатыр" деп атачу экен. Бул тууралуу парламентарий бүгун, 21-майда, "Биринчи радиого" берген интервьюсунда айтып берди.

Анын айтымында, ал кезде алар салык салууну реформалоо концепциясын даярдап жатышкан.

Андан тышкары депутаттын айтымында бүт дүйнө жүзү телефон аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү жасоого өткөн. Кыргызстан эле калды. Телефон менен эле төлөй турган системага өтсөк, биз бекер эч нерсе албайбыз, бардыгын сатып алабыз. Ошонун ичинде салык турат кичинекей. Анан ал бизнесмендин чөнтөгүнө түшөт. Түшкөндөн кийин кайра чыкпайт. Эгер фискализция жасасак, жылына 500 миллиондон 1 миллиард долларга чейин киреше алып турат элек. Эки жылдын ичинде үч-төрт эсе көтөрсөк болот.

Ошону төрт миллиардка жеткиргенде мугалимдердин айлыгы 400-500 долларга чыкмак", - дейт депутат.

Башкысы бардыгын туура жасаш керек. Мен буга жардам берүүгө даярмын. Салык боюнча кандидаттык диссертациямды жактагам, дейт депутат.

"Аскар Акаев (Кыргызстандын мурунку президенти) мени "Акылбек баатыр" деп тосуп алчу. Биз 14 жолу жолугуптурбуз. Ушу Кумтөрдүн айынан кичине капа болуп, андан кийин соттошуп, сот мени алып салып, оппозицияга кетип калдым. Андан кийин эле 24-март болуп жатпайбы, 2005-жылы. Ага чейин концепцияны иштеп чыгып, ал киши бекитип берген", - деп Жапаров айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1700