Молдокматова:Реабилитациялык борбордун дефектологу шал болуп ооруган баланы сабаган
RU

Молдокматова:Реабилитациялык борбордун дефектологу шал болуп ооруган баланы сабаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Теле алып баруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына реабилитациялык борбордо церебралдык шал оорусунан жабыркаган баланын сабалгандыгы тууралуу жазып чыкты. Ал алты жаштагы жабыр тарткан баланын энесинин катын жарыялаган:

"Салам, Ассоль, менде жаман жаңылык. Атым Назгүл, менин балам алты жашта, ал церебралдык шал оорусу менен ооруйт. Беш жашында баса баштады, бирок сүйлөй албайт. Жакында эле баламды дефектологго окууга алып баргам, ал дефектолог уулумду сабап салыптыр. Эмне кылаарымды билбей жатам.Мага жардам беришиңди өтүнөм. Менде ал менин баламды сабаган видеосу бар ", - деп жазган аял. Анын айтымында, окуя "Аутизмди жеңебиз" борборунда орун алган.

Молдокматова борбордун директоруна телефон чалып, ошол эле күнү дефектолог кызматтан алынганын аныктады. Теле алып баруучунун айтымында, ишти Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары өз көзөмөлүнө алган.

Анткен менен ал жерде окуп жаткан көпчүлүк балдардын ата-энелери "Аутизмди жеңебиз" борборун жактап чыгышты. Алардын айтымында бир бейбаш кызматкердин айынан бүтүндөй бир мекемеге көө жабылып жатат. Бул жерде башка бир дагы борбордо жок шарттар түзүлгөн, ушул жерден балдарыбыз бир эмес, бир нече айлап билим алып жатышат. Биз туура түшүндүрмө берүү үчүн, коомчулукта мекеме тууралуу терс пикир жаралбоосу үчүн чогулдук. Коомчулуктан абалды туура түшүнүүсүн өтүнөбүз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1702