Германияда фестивалдагы кол салууга байланыштуу кармалган кыргызстандык өспүрүм бошотулду
RU

Германияда фестивалдагы кол салууга байланыштуу кармалган кыргызстандык өспүрүм бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Германияда фестиваль учурунда кармалган кыргызстандык 15 жаштагы өспүрүм коё берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Белгилесек, ушул жылдын 23-августунда Солинген шаарындагы (Германия) фестивалда бычак менен кол салуу болуп, натыйжада жаракат алгандар, каза тапкандар болгон. Эртеси күнү өспүрүм кармалган. ЖМКлар кол салган адам Кыргыз Республикасынын жараны болушу мүмкүн деп жазышкан.

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин маалыматына караганда, Германия Федеративдүү Республикасынын укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын тактоо үчүн мүмкүн болгон күбө катары кармалган өспүрүмдүн Кыргыз Республикасынын жараны экенин аныкташкан. Ал 25-августта бошотулган, учурда эркиндикте жүрөт.

"Тышкы иштер министрлигине жана Кыргызстандын Германиядагы элчилигине өспүрүмдөн, ошондой эле анын ата-энесинен Кыргызстандын жашы жете элек жаранынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылуулар болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.

Башкы беттеги сүрөт: Getty Images.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17116