Бир апта мурда каналга аккан өспүрүмдүн жансыз денеси табылды
RU

Бир апта мурда каналга аккан өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Чоң Чүй каналынан агып кеткен 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Издөө иштерине жалпы 10 куткаруучу 2 кайык менен чыккан дешет ӨКМдан.

Маалыматка ылайык, 23-августта Көк-Жар айылында Чоң Чүй каналына 2009-жылы туулган А.А. аттуу бала түшүп кеткен. Жарандар Чоң Чүй каналынан белгисиз адамдын сөөгү агып баратканын көрүп, куткаруучуларга маалымат беришкен.

Жерине барган топ маркумдун сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17126