Тиш доктурлар 1-июнда балдар үчүн кариеске каршы бекер дарылоо өткөрүшөт
RU

Тиш доктурлар 1-июнда балдар үчүн кариеске каршы бекер дарылоо өткөрүшөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата "6 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн жаракаларды акысыз пломбалоо" акциясы өтөт. Бул тууралуу редакцияга келип түшкөн пресс-релизде айтылган.

Акциянын уюштуруучусу - өлкөнүн тиш доктурларын ооз көңдөйү ооруларын алдын алуу 20/80 долбоору боюнча бириктирген(кененирээк бул жерде). Долбоордун автору жана демилгечиси Жылдыз Бейшембиева.

Демилгечилердин айтымында, иш-чаранын негизги максаты, калкка тиштердин тазалыгы алардын жашоосунда канчалык мааниге ээ экендигин түшүндүрүү, алдын алуу иш-чаралары жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле ден-соолукту чыңдоо, дени сак жашоо образынын калыптанышына өбөлгө түзүү.

Балдардын тиштериндеги жаракаларды пломбалоо кариестин алдын алуунун эффективдүү ыкмаларынын бири. Бул эмалды бекемдөөгө жардам берет жана алгачкы кариести токтотот. Процедура оорутпастан жана тез жүрөт. Балдар жана алардын ата-энелери тиш доктурга профилактика үчүн баруу адатына туура көнүгөт.

Эмне үчүн 6 жаштан 14 жашка чейинки балдардагы кариестин алдын алуу маанилүү? Бул куракта туруктуу тиштер пайда болот, ал эми балдардын тиш эмалында фтор жана кальций жетишпейт, ал ушул жана башка микроэлементтер менен гана каныгып жаткан учур болот. Демек, эмаль толугу менен бышып жетилген мезгилге чейин, ал абдан аялуу. Ал эми жаракаларды пломбалоо процедурасы "жаш" эмалды тиштин атайын жерлериндеги тез бузулуудан сактайт.

Бекер акцияга катталуу үчүн, долбоордун барагында көрсөтүлгөн тизмеден бир тиш клиникасын тандашыңыз керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1712