Эл артисти, эмгек сиңирген артист наамдарын алган белгилүүлөр
RU

Эл артисти, эмгек сиңирген артист наамдарын алган белгилүүлөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 31-августта жаңы Ак үйдүн - "Ынтымак Ордонун" имаратында элге эмгеги сиңген атуулдарга мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар тапшырылды.

Мамлекеттик сыйлыктарды Садыр Жапаров тапшырды.

Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы менен:

  • ырчы, пианист Гүлзинат Суранчиева;
  • ырчы Ырыскелди Осмонкулов;
  • ырчы, обончу Майрамбек Осмонов сыйланды.

Ал эми музыкант, кыл кыякчы Залина Касымовага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды.

"Эмгек баатыры" артыкчылык даражасы:

  • Кыргыз журтчулугунун жүрөгүнөн түнөк тапкан белгилүү акын, дасыккан котормочу, маркум Түмөнбай Байзаковго;
  • Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кыргыз-казакка таанымал төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевге ыйгарылды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17140