Бишкекте максым саткан келин менен кардар мушташып кетти (сүрөт)
RU

Бишкекте максым саткан келин менен кардар мушташып кетти (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Artezian компаниясынын улуттук суусундуктарын сатуучу менен кардардын ортосунда мушташ чыкты. Бул боюнча кардар Айнура Намазова өзүнүн дооматын Фейсбуктагы "Кара тизме" тайпасына жазган.

Анын айтымында, окуя 21-майда Сүйүмбаев көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде болгон. Ал небереси үчүн бир кичинекей стакан суусундук сураган, бирок сатуучу аял экөөнү сунган. Муну байкаган кардар баш тарткан, бирок сатуучу аял эки стакан сурагандыгын айтып, экинчисин дагы сатып алууга мажбурлай баштаган.

"Мен эки стакан сураган эмесмин деп жооп бердим, анткени мага медициналык процедурадан кийин муздак суусундуктарды ичүүгө болбойт болчу. Андан кийин, ал мени дүлөй деп, мага орой мамиле кыла баштады. Ошондо мен анын аты-жөнүнүн баш тамгаларын жана аны көзөмөлдөгөн кызматкердин телефон номерин талап кылдым. Ал мага: "Атаңдын башы. Колуңан эмне келет?!" деп жооп берди. Ал ортодо неберем суусундукту ичип бүткөн экен анан бош стаканды урнага ыргытайын десем урна жок экен. Мен стаканды ортодот турган челектин үстүнө калтырып кеттим. Кийин неберем менен жол тарапка бурулуп жатканда. Күтүлбөгөн жерден башымдын арт жагында суусундуктун чачыраганын сездим, ал мага бир стакан максымды чачып салыптыр. Ачуум келип, көйнөгүмдү алып, бочкага силкип салдым. Ошентип, ал мени чачымдан кармап тепкилей баштады, футболкамды дагы айрып салды. Кандай жаман сезимде калганымды, сөз менен айтып жеткире албайм! "- деп жазган ачууланган кардар.

Анткен менен Artezian компаниясынын сатуу бөлүмүнүн башчысы Чоробек Исаев Kaktus.media редакциясына берген маегинде Намазованын сөздөрүн четке какты.

"Биздин сатуучу аял урушту кардар баштаган дейт. Анын айтымында, ал аялды алыстан көргөндө эле, небересин урушуп начар маанайда келе жаткан экен. Кийин сатуучуга келип, баласына кичинекей стакан ичимдик жана бир бош стакан сураган. Бирок сатуучу аял чындыгында жакшы укпай калган жана эки стакан ичимдикти куюп берген. "Аял маселени тынчтык жолу менен чечүүнүн ордуна, аны басынтып, агрессия көрсөтө баштаган.

Алардын ортосунда чыр чыгып, кардар биринчи болуп колун көтөрүп, суусундуктардын челектерин кулатканга өткөн. Муну тегеректеги бардык адамдар - гамбургер сатуучулар, "Шоро" бир ооздон тастыкташат. Жигиттер аялдарды бөлүштүргөн. Намазова кетип бара жатканда биздин кызматкер стаканды аркасына ыргыткан. Дал ушул учурду аял сүрөткө тартып, социалдык тармакка жарыялап өзүн актаганга аракет кылып жатат. Окуяны уккан соң мен дароо ошол жерге жетип бардым, компаниянын атынан кардардан кечирим сурадым, бирок ал тынчып калган жок. Биздин кызматкер дагы кечирим сурады, бирок анын айтымында, ал жабыркаган тарап. Биздин кызматкер дале жумушунан убактылуу четтетилген боюнча жүрөт ", - деди Исаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1715