Президент Кыргызстандын Пакистандагы элчисин дайындады
RU

Президент Кыргызстандын Пакистандагы элчисин дайындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп Авазбек Атаханов дайындалды. Бул туурасында бүгүн, 5-сентябрда президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Авазбек Атаханов Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болду.

Авазбек Атаханов тууралуу кыскача:

  • 1962-жылы 1-июлда Майлуу-Суу шаарында туулган.
  • Чет тилдер адистиги боюнча жогорку билимди Москвада алган.
  • 1992-жылдан бери Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматтарында эмгектенип келет.
  • 2023-жылы тышкы иштер министринин орун басары кызматына дайындалган.
  • "Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси" дипломатиялык рангы бар.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17199