Садыр Жапаровго Сооронбай Жээнбековдун экс-президент статусун алып салууну сунушташты
RU

Садыр Жапаровго Сооронбай Жээнбековдун экс-президент статусун алып салууну сунушташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бывший депутат Мээрбек Мискенбаев требует от президента лишить статуса экс-главы государства Сооронбая Жээнбекова. Он поддерживает Алмазбека Атамбаева.

КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Мээрбек Мискенбаев Facebook баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, мурунку президент Сооронбай Жээнбековго карата кылмыш ишин козгоп, экс-президент статусун алып салууну сунуштады.

"Иниси Асылбек азыр региондордо арам саясатын жүргүзүп, эл менен бийликтин ортосуна бүлүк салып жүргөнүн угуп, кооптонуп турам", - деп Мискенбаев жазган.

Жээнбековду токтоосуз "экс-президент" макамынан ажыратып, уюшкан үй-бүлөлүк кылмыштуу тобу менен кошо жоопко тартыш керек! Эгер эл арасында кызуу талкууга түшкөн 10 миллион доллар алган деген кептер калп десеңиз, мына ушундай кадамга барыңыз. Жээнбековдордун кылмышын таба албай жатсаңыз, мен таап берем!

Мискенбаев - мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын бири.

Буга чейин ушундай эле талабын Чынгыз Капаров айтып чыккан. Ал Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдон экс деген макамды алып салуу үчүн кол чогулта баштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1719