Темирбек Асанбеков ЕЭКтин Энергетика министри болду
RU

Темирбек Асанбеков ЕЭКтин Энергетика министри болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Мекен Ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков Кыргызстандын атынан Евразиялык экономикалык комиссияга министр болуп дайындалды. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына өкмөттөн тастыкташты.

Асанбеков энергетика жана инфраструктура маселелерин көзөмөлдөйт.

Буга чейин бул кызматты Эмил Кайкиев аркалап келген.

ЕЭК коллегиясы он кишиден турат. Бул коллегияга ЕАЭБдин ар бир өлкөсүнөн экиден адам көрсөтүлөт. Комиссиянын курамында Асанбековдон тышкары, бажы кызматташтыгы боюнча министр болгон Максат Мамытканов дагы бар.

Эске салсак, Мамытканов менен Асанбеков 2020-жылдын октябрь окуясына катышкан. Андан кийин Мамытканов бир нече ай ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровдун өкмөтүндө вице-премьер министр болуп иштеген. Ал Асанбеков сыяктуу 2020-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоого катышкан.

Маалымдама

Темирбек Асанбеков Ысык-Көл районунун Ананьево айылында туулган. 1973-1981 жылдары Орто-Өрүктү айылындагы орто мектепте (Ысык-Көл району), 1981-1984 жылдары Күрөңкеев (Фрунзе) атындагы музыкалык окуу жайда фортепиано боюнча окуган.

1984-1986-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Ошол убакта Афганистандагы Герат провинциясында советтик аскерлердин чектелген контингентинин курамында, мотоаткыч батальонунун взвод командири болууга жетишкен. Кийинчерээк улук сержант наамы менен афган согушунан четтетилген. "Эрдик үчүн" медалы жана "Интернационалист Жоокер" аттуу СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Сыйлыкты СССРдин Президенти Михаил Горбачев жеке өзү тапшырган.

1986-жылы Москвадагы Тимирязев атындагы айыл чарба академиясына тапшырып, 1993-жылы "окумуштуу-агроном" дипломун алган.

Эмгек жолу:

  • 1996-1998-жылдары Москвадагы эл аралык AIG камсыздандыруу компаниясында улук менеджер болуп иштеген.
  • 1998-2002-жылдары "АТМ-Агро" ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеген.
  • 2002-2007-жылдары "Арбат Менеджмент" ЖЧКсынын башкы директору болгон.
  • 2007-2010-жылдары "Асполь Центр" ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеген.
  • 2008-2010-жылдары Казандагы "Кыргыз маданий борбору" ЖАКынын долбоорун башкарган. Бул долбоордун максаты Татарстан Республикасында масштабдуу бизнес борборун куруу.
  • 2010-жылдан бери "Мекен Ынтымагы" партиясынын лидери.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1724