"Кыргызтелекомдогу" кызматынан Ташиевдин жээни Замир Кожомуратов бошотулду
RU

"Кыргызтелекомдогу" кызматынан Ташиевдин жээни Замир Кожомуратов бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызтелеком" ААКтын жетекчилигинде өзгөрүүлөр орун алды: башкаруу тобунун мүчөсү Кожомуратов Замир Куванычевич кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media'га компаниядан билдиришти.

Кожомуратов "Акционердик коомдор тууралуу" Мыйзамына ылайык кызматынан бошотулду. Ал мыйзам боюнча, директорлор кеңеши коомдун коллегиалдык аткаруу органынын, башкаруу организациясынын мүчөлөрү же башкаруучулары менен каалаган учурда келишимди токтотууга укуктуу.

Белгилүү болгондой Замир Кожомуратов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни, компаниянын административдик дерктору кызматын аркалап келген.

Андан тышкары "Кыргызтелеком" ААКтын коммерциялык директорунун функциясын аткарып жаткан Гулиза Чапаеванын да ыйгарым укугу токтотулду.

Кожомуратов 2020-жылдын декабрь айында бул кызматка дайындалган болчу, ал эми Чапаева 2021-жылдын март айында ишке кирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1727