Сот системасы тууралуу мыйзам долбоорлору коомдук талкууга коюлду
RU

Сот системасы тууралуу мыйзам долбоорлору коомдук талкууга коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин сайтында "Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу", "Кыргыз Республикасынын адилет кеңеши", "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту", "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор" жана "Соттук өз алдынча башкаруу органдары" жөнүндөгү мыйзам долбоорлору коомдук талкууга коюлганы жарыяланды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой аталган мыйзам долбоорлор 11-апрелдеги референдумда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтыруу максатында иштелип жатат.

Мыйзам долбоорлорду Жогорку Соттун веб-сайтынын "Мыйзам долбоорлору" бөлүмүнөн көрө аласыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1728