Бишкекте мыйзамсыз берилген 28 миллион сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
RU

Бишкекте мыйзамсыз берилген 28 миллион сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Ленин районунда жүргүзүлгөн прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен баасы 28 273 693 сомду түзгөн жер тилкелери мэрияга кайтарылды. Бул тууралуу Генералдык прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары 2005-жылдын 16-мартында жер мыйзамдарынын талаптары бузуу менен "кызыл" сызык чегинен тышкары жайгашкан, "Арча-Бешик" жаңы конушундагы 5 жер тилкесин турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берип жиберишкен.

Прокуратура көрсөтүлгөн жерлерге мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндөгү прокурордук акты менен сот органдарына кайрылган. Кароонун жыйынтыгында доо арыздар толук канааттандырылып, жер тилкелери мамлекеттин менчигине алынды, деп билдирүүдө жазылган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1732