Аскар Акаев: Бөлтүрүктү биз президенттик программа менен мыкты университетте окутканбыз
RU

Аскар Акаев: Бөлтүрүктү биз президенттик программа менен мыкты университетте окутканбыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-президент Аскар Акаев "Иш күндүн кечи" программасында Кумтөр кенинин айланасындагы кырдаал боюнча комментарий берди.

Жалпысынан Аскар Акаев бийликтин беш жыл аралыгында болгон экологиялык зыяндын ордун толтуруу жана салык төлөмдөрүн алуу аракетин кубаттайт. Бирок, ал көйгөйдү сүйлөшүү жолу менен чечсе болмок деп эсептейт, анын үстүнө инвесторлор буга каршы болгон эмес. Ал кендин айланасындагы кырдаал ашкере саясатташып, негизги максатка жетишүүгө - экологиялык зыяндын ордун толтурууга тоскоол болуп жатканын белгилеп өттү.

Экс-президент, азыркы парламент кендин айланасындагы кырдаалды чечебиз деп республиканын жалпы инвестициялык имиджин жерден алып көргө урушту, деп эсептейт.

"Көйгөйдү чечүүнүн эң туура жолу - бул сүйлөшүү, компромисстерди издөө, ийри отуруп, түз кеңешип маселени ызы-чуусуз чечүү болчу. Бирок, тилекке каршы, азыр бул мүмкүн болбой калды, айрыкча депутаттар соттошууну талап кылып жатышат ", - деди экс-президент.

Аскар Акаев Кыргызстандын эл аралык арбитраждык сотто жеңишке жетишине көзү жетпейт, себеби 2009-жылдагы келишим инвесторго артыкчылык берген.

Ошондой эле, ал Тенгиз Бөлтүрүктүн бул кырдаалга катышуусу боюнча комментарий берди.

Мен аны жакындан тааныбайм, анын адамдык жана башкаруучулук сапаттары жөнүндө дагы эч нерсе дей албайм, бирок Бөлтүрүктүн жогорку кесипкөй инженер экендигине толук ишенем, анткени биз аны 20 жыл мурун "XXI кылымдын кадрлары " аттуу президенттик программа менен окууга жөнөткөнбүз. Ал убакта биз эң таланттууларды тандап, ар кайсы өлкөлөргө окууга жиберген элек. Биз аны ушул программанын стипендиясы менен колдодук, ал Батыштын мыкты университеттеринде окуган ", - деди Акаев.

Анын айтымында, Кыргызстан мындан ары кенди иштете алат, бирок өнөктөштөр менен иштешүү кандайча түзүлүп, канчалык натыйжалуу болору белгисиз.

Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани"ге экологиялык таштандыларды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн 263 млрд. сом айып салган. Муну менен катар Садыр Жапаровдун тарапташтары миллиарддаган долларлык доо арыз менен кайрылышкан.

Дээрлик бир эле учурда, Жогорку Кеңеш компаниянын тышкы менеджментин киргизүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алып, башкаруучу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Centerra Gold Inc. арбитражга кайрылууну көздөп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1735