Альпинист Эдуард Кубатов кыргыз элине Эверест чокусунан кайрылуу жасады (видео)
RU

Альпинист Эдуард Кубатов кыргыз элине Эверест чокусунан кайрылуу жасады (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык альпинист Эверест чокусун багындыргандан кийин кыргыз элине видео кайрылуу жаздырган.

"Кыргыз элим, бүгүн, 23-майда 8 саат 35 мүнөттө, алла тааланын буйругу менен Джамалунгма чокусуна чыктым. Кыргыз элим, касиеттүү кыргыз жерим, сүйүктүү мамлекетим Кыргызстаным. Ушул жеңишимди силерге багыштадым, силерге арнайм. Кыргыз элим эрдигибизди, намысыбызды унутпайлы. Эң негизгиси туугандар, эгемендүүлүгүбүздү сактап калалы. Антпесе, кул болуп калабыз. Кыргыз элим силер үчүн", - дейт Кубатов.

Эверест чокусуна чыгуу эбегейсиз күч-кубатты жана кайратты талап кыла тургандыгы видеодон көрүнүп турат. Кубатов ынтыгып, араң сүйлөп, деми кысылып жатат. Анын үстүнө аркырап шамал согуп жатканын да байкоого болот. Ошого карабастан кыргызстандык альпинист видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн.

"23-майда саат 08:35те жашоомдогу негизги эрдиктердин бирин ишке ашырдым. Биздин байрак жана кыргыз ак калпагы алгачкы жолу Эверест чокусунда, жер жүзүнүнүн эң бийик чекитинде! Мен чокуну багындырганымды ардактуу өлкөмө арнадым! Көптөгөн кайрылуулар жана өтүнүчтөр болду, бирок мен өзүм үчүн башында эле чечкем, бул жеңишти кыргыз элине, кыргыз жерине арнайм! Мен бардыгын ушул ишке багыштадым, чокуга моралдык жактан да физикалык жактан алсырап, кубатыман тайып атып жеттим. Бирок, акыры чыктым. Мекендештерим да ошону күтүп жатканын билгем. Бардыгыңарды кучагыма кысам, силер үчүн жашап, күрөшүп келем!", - деп кийинчерээк Кубатов жазган.

Эске салсак, 23-майда Эдуард Кубатов жер шарынын эң бийик чекитин, Эверест чокусун багындырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1736