Токмокто бала бакчанын имаратына ээлик кылган жаран мүлктү мамлекетке өткөрдү
989
Токмок шаарындагы бала бакчанын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. УКМКдан кабарлашкандай, мүлктүн наркы 130 млн сомду түзөт.
slide 2 of 3
Менчик ээси "КР бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор Союзунун" башкы катчысы, Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти А.З.А. аттуу жаран экендиги аныкталды.
Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бала бакчанын ээси социалдык объектини мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын мойнуна алып, 130 млн сом наркындагы аянты 5375 чарчы метр жер тилкесин административдик курулушу менен кошо өз ыктыяры менен Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп берди.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17375