Лунара Мамытова менен Аида Касымалиева жыйырма жылдыгына барышты (фото)
RU

Лунара Мамытова менен Аида Касымалиева жыйырма жылдыгына барышты (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык өнүктүрүү министринин экс орун басары Лунара Мамытова менен вице-спикер Аида Касымалиева Ош шаарындагы мектбине баш багып келишти. Мектепте өткөн мааракеде түшкөн сүрөттөрү менен Лунара Мамытова социалдык баракчасына бөлүшкөн.

Белгилей кетсек, Аида Касымалиева менен Лунара Мамытова классташтар. Быйыл алар жыйырма жылдыгын белгилеп жатышат. Ош шаарындагы №17 лицейинин бүтурүүчүлөрү мектебине барышып, мугалимдерин куттуктап, чогу сүрөткө түшүшкөн.

Андан кийин Аида Касымалиева да өз сүрөттөрү менен бөлүштү.

2018-жылы Аида Касымалива чиновниктердин чет элдик сапарларын текшерүү демилгесин көтөрүп чыккан. Анын натыйжасында Лунара Мамытова министрдин орун басары кызматынан алынган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1737