Балдар үчүн эл аралык паспорт жасатуу: шарттары, баалары, алуунун тартиби
RU

Балдар үчүн эл аралык паспорт жасатуу: шарттары, баалары, алуунун тартиби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 2019-жылдын июль айынан бери, бир ченем иштеп келет. Ага ылайык, республиканын чегинен тышкары чыгуу үчүн 16 жашка чейинки балдар паспортко муктаж. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматында эскертилет.

Буга чейин балага Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыктаган туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө кошумча баракча берилип келген.

Эми сыртка чыгуу үчүн сизге Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту керек. Бул эреже дүйнөдөгү акыркы тенденцияларга байланыштуу, 16 жашка толо элек адамдын башка мамлекетке киришинин милдеттүү талабына ылайык кабыл алынды деп департаменттен түшүндүрүштү.

Бала төрөлөөрү менен ага биометрикалык паспорт алууга болот. Бул документ 3 жылга чейин жарактуу болуп саналат.

Балдар үчүн жалпы жарандык паспортту 10 жумушчу күндүн ичинде 885 сом төлөп алсаңыз болот.

Даяр болгон паспортту ата-энесинин бирөөсү (өзүнүн паспорту жана баланын туулгандыгын тастыктаган күбөлүк менен) же башка адам нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты көрсөтүп ала алат.

Керектүү документтер:

  • анкета-билдирүү (аймактык бирдиктин же калкты тейлөө борборунун кызматкери тарабынан түзүлгөн);
  • туулгандыгы жөнүндө күбөлүк же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү – КБМРде маалыматтар жок болгон учурда;
  • ата-энесинин же ата-энесинин биринин паспорту (эгер жалгыз бой болсо, ата-энесинин биринин ата-энелик укугунан ажыратуу жөнүндө соттун акыркы чечими, ата-энесинин биринин каза болгондугу жөнүндө күбөлүк , ата-энесинин бирөөсүнүн эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткандыгы тууралуу чечими, эгерде ата-энесинин бири дайынсыз жоголсо, издөөдө жүргөндүгү тууралуу маалымкат) же 16 жашка чыга элек адамдын башка мыйзамдуу өкүлдөрү;
  • ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрдүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн кайрылуусу;
  • төлөм жүргүзгөндүгү тууралуу квитанция.

Эгер арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка толо элек жаран үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет;

Көңүл буруңуз! Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алууда 2020-жылдагы АСБ "АИАда" арыз берүүчүнүн дарегин үлгүсү же консулдук каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат же консулдук каттоонун жалпы жарандык паспортундагы штамтын болушу милдеттүү шарт болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1739