Капталдан чыгып тажатты беле? Бишкекте 300дөй мотоцикл айып короосуна токтотулду
419
Өлкө аймагында 11-22-сентябрга чейинки рейддик иш-чара өткөрүлүп, жол эрежесин бузган жалпы 2690 мопед жана мотоцикл аныкталган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, иш-чара мототранспорт каражаттарынын айдоочуларынын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алуу, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлгөн.
- 243 мото айдоочуда тийиштүү докумменттери жок болгон;
- 521 мото айдоочу мотошлемдерди пайдалануу эрежелерин бузушкан;
- 2 мото айдоочу мас абалында айдап жүргөндүгү аныкталган;
- 985 мото айдоочу туура эмес тилкелерде айдашкан;
- 166 мото айдоочу жана башка жол эрежелерин бузушкан.
Ошондой эле тийиштүү докумменттери жок 272 мототранспорт каражаты айып короо жайына токтотулган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17469