Министрлер кабинетинин жана президенттин администрациясындагы эң жаш чиновниктер. Топ-10
RU

Министрлер кабинетинин жана президенттин администрациясындагы эң жаш чиновниктер. Топ-10

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент жаш кадрларга жол бошотуп бериш керек, деп көп ирет айткан. Президенттин аппаратындагы, министрлер кабинетинин аппаратындагы жана министрлер кабинетинин өзүндөгү кызматкерлердин резюмелерин изилдеп чыгып, "Ооба, президенттин командасында чындап эле жаштар көп экен" деген бүтүмгө келсе болот. Ал эми алардын профессионалдуулугун убакыт көрсөтөт.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жаш курактын жаңы квалиссификациясына ылайык 25тен 44 жашка чейинкилер жаштардын катарына кирет. Kaktus.media президенттик администрациядагы жана министрлер кабинетиндеги эң жаш кызматкерлердин топ-10ун тизмектеди.

Белгилей кетчү жагдай 23 кишиден турган тизмеде экөөсү гана айымдар.

Министрлер кабинетиндеги жаштардын топ-3 кызматкери

Министрлер кабинетинен үч адам жаштар категориясына кирет экен.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Дастан Догоев - 35 жашта;

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов - 44 жашта;

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Имсаналиев - 44 жашта.

Министрлер кабинетинин калган мүчөлөрүнүн жаш курагы 44төн жогору. Эң улуусу Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов - 61 жашта. Ал 39 жаштагы Алмазбек Бейшеналиевдин ордуна дайындалган.

Өкмөттүн аппаратындагы жаштардын топ-5 кызматкери

Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Толкун Камчыбекова - 32 жашта;

Инвестиция, ишкердик мамлекеттик-жеке өнөктөштүк секторунун жетекчиси Нурадил Баясов - 32 жашта;

Бөлүм башчысы Эржигит Ибрагимов - 32 жашта;

Жарандардын кайрылуулары секторунун башчысы Азамат Нусупбеков - 34 жашта;

Адам укугун коргоо боюнча Координациялык кеңешти камсыздоо секторунун башчысы Бактияр Орозов - 35 жашта.

Президенттин аппаратындагы жаштардын топ-5 кызматкери

Президенттин администрациясында 27 кызматкер бар, анын ичинде президенттин кеңешчилери жана бөлүм башчылары. 44 жашка чейинкилерге онго чукул кызматкер кирет экен.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев - 30 жашта;

Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нурай Марс - 30 жашта;

Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев - 33 жашта;

Стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмүнүн башчысы Аскат Беков - 34 жашта;

Талдоо иштери жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков - 35 жашта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1746