20 жыл мурда менчиктештирилип кеткен балдар лагери мамлекетке алынды
947
Сокулук районунун Төш-Булак айылында жайгашкан "Эдельвейс" балдар ден соолукту чыңдоо лагери мамлекеттин балансына кайтарылды. УКМКдан маалымдашкандай, 2004-жылы аталган лагерди жеке жактар менчиктештирип, бир нече жолу сатылган.
slide 2 of 5
"Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ден соолукту чыңдоочу балдар лагери ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Мында объекттин баалоо наркы 320 млн 651 миң сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантыларын кабарлады.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17477