Тамчы айылына 5 жылдыздуу мейманкана курулат. Ташиев капсула салды
RU

Тамчы айылына 5 жылдыздуу мейманкана курулат. Ташиев капсула салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында "Хан-Теңири" беш жылдыздуу мейманканасынын курулушуна мезгил кутусун салды. Бул туурасында президенттин иш башкармалыгы кабарлайт.

Иш-чараны президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев ачып, жаңы курулуштун алгачкы кадамдары ийгиликтүү, пайдубалы бекем болуусун каалады.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө келечек муунга асыл ой-максаттарды ишке ашыруунун пайдубалы түптөлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17491