Кыргызстандын жаштар курамасы жеңиштен кийин Ташиевди туулган күнү менен куттуктады
RU

Кыргызстандын жаштар курамасы жеңиштен кийин Ташиевди туулган күнү менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-сентябрда Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков стадионунда жаштар арасында 2025-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан курамасы Түркмөнстан менен беттеш өткөрдү.

Оюн 1:0 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен аяктады.

Жеңиштен кийин жаштар курамасынын оюнчулары Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевди туулган күнү менен куттукташты. Футболчулар Ташиевге башчысына команда оюнчулардын кол тамгалары бар топту белек кылышты.

Белгилей кетсек, тандап алуу оюндарына жалпы 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышууда. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама жолдомо алышат. Биздин курама "I" тайпасында Мьянма, Түркмөнстан жана Япония курамалары менен бирге жайгашкан.

Курама кийинки беттешин 29-сентябрда Японияга каршы өткөрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17497