Бишкекбашкыархитектуранын жетекчилиги толугу менен кызматынан бошотулду
RU

Бишкекбашкыархитектуранын жетекчилиги толугу менен кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчилиги толугу менен кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына шаардыктар билдиришти.

Мамлекеттик курулуштун айрым кызматкерлери да бул маалыматты тастыкташты. Бирок ведомоствонун басма сөз кызматы комментарий алууга жеткиликсиз болууда.

Ошондо, кызматтарынан ББАнын жетекчиси Марат Жороев жана анын орун басары Анна Тренина кетишкен. Андан мурун жетекчинин экинчи орун басары Азамат Жаманбалин кызмат ордун тапшырып кеткен болчу.

Азамат Жаманбалин Бишкек мэриясында Курулуш жана архитектура департаментин жетектей турганы белгилүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1750