Садыр Жапаров Италия менен Ватиканга барат
RU

Садыр Жапаров Италия менен Ватиканга барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров 2-4-октябрь күндөрү Италияга жана Ыйык Тактыга (Ватикан) расмий сапары менен барат. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Белгилүү болгондой, 3-октябрда Садыр Жапаров Италиянын президенти Серджо Маттарелла, Италиянын Министрлер Кеңешинин төрагасы Джорджей Мелони, Италиянын Депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италиянын Сенатынын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

"Италияга болгон сапардын алкагында тараптар кыргыз-италиялык мамилелеринин бүтүндөй комплексин жана алардын өнүгүү келечегин талкуулашат, ошондой эле эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашат.

Ал эми 4-октябрда Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болот", - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17531