Чек арада жүк ташыган машиналардын саны улам көбөйүп барат (видео)
RU

Чек арада жүк ташыган машиналардын саны улам көбөйүп барат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жүк ташыган фуралардын айдоочулары көз карандысыз профсоюзунун төрагасынын орун басары Игорь Голубев Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы кырдаал өзгөрүүсүз калганын маалымдады. Ал жерде дале Россияга сапар алган Кыргызстандык фуралар жыйылып турат.

Эске салсак, казакстандык бийлик Кара-Суу жана Кордай кыргыз-казак чек арасында түрдүү шылтоо менен жолтоолорду жаратууда.

Голубевдин айтымында, Кордайдын "Барыс" стоянкасында 40ка чукул унаа турат.

"Айдоочулардын документтерин чогултуп кетишкен, бирок текшерүүлөрдүн жана кармоонун себебин эч ким айткан эмес. Кара-Суу өтмөк постунда да токтоп тургандар бар. Меркеде 50дөй машине турат. Айрымдарынын күтүп жатканына 20 күндөн ашыптыр", - деп төраганын орун басары билдирди.

Игорь Голубев эске салгандай, ЕАЭБдин мыйзамына ылайык, Союздун ичинде жүргөн унааларга эч кандай тоскоолдук жаралбашы керек. Документтерди текшерип, себеби жок токтотууга такыр болбойт.

"Биздин пикирибиз боюнча, Казакстан тараптан текшерүүлөр болуп жаткандыгынын негизги себеби - Кытайдан Россияга жөнөтүлгөн реэкспортту Кыргызстан эмес Казактан аркылуу ишке ашыруу", - деп Голубев божомолдоду.

Машинелерде көбүн эсе күнүмдүк тиричиликте колдонула турган товарлар бар.

Ал белгилегендей, менчик компаниялар Экономика министрлигине, Салык кызматына, өкмөттүн аппаратына кат жазып, коңшу өлкөгө биздин кырдаалды жеткирүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

"Кыймыл токтотулганын бардыгы билет, бирок Казакстан куру убадаларды берүү менен эле чектелип жатат", - дейт Голубев.

Профсоюз баарынан да айдоочуларга санааркап жатканын айтты. Стонякаларда эч кандай шарттар жок, азык-түлүк кымбат, ал эми айдоочулар өзүнүн эсебинен тамактанууга аргасыз.

Эске салсак, ЕАЭБдин шарттарына ылайык, бирикмеге кирген мамлекеттердин ортосунда бажы посттору болбоого тийиш, ал жерде документтердин болгонун жана ташылган жүктүн документтерине тиешелүүлүгү гана текшерилиш керек болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1754