Ошто окуучулар үчүн автобустар каттамга чыкты. Жол кире акысыз
2247
Ош шаарында окуучулар үчүн атайын автобустардын алгачкы каттамы ишке кирди. Бул туурасында бүгүн, 4-октябрда Ош шаардык мэриясы маалымдады.
Белгиленгендей, демилге шаар мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылды.
Автобустар күнүнө үч жолу, эртең менен, түштө жана кечкисин акысыз каттайт.
slide 2 of 5
Ар бир багыт боюнча экиден автобус жүрөт. Каттамдар:
- №1 мектептик автобустук каттамы: Н.Исанов көчөсүндөгү троллейбустун акыркы аялдамасы – А.Шакиров – А.Масалиев көчөлөрү аркылуу түз И.Раззаков – У.Салиева (облустук оорукананын жолу менен) – С. Касымбеков көчөсүнө чыгып кайра У.Салиева көчөсү аркылуу келген кыймыл чиймеси боюнча артка кайтат.
- №2 мектептик автобустук каттамы: Тээке айылы (Ош-Араван автоунаа жолу) - Кеңеш айылы борбору – Көкүмбий (Барсбек айлампа) – Б.Осмонов – Р.Абдыкадыров (Черемушки) – Ш.Руставелли – Г.Айтиев – Курманжан датка – Джиннах (Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайы) – В.Ленин көчөлөрүнөн жүрүп Төлөйкөн айылындагы Г.Айтиев мектебинен кайтат. (Ипподром)
- №3 мектептик автобустук каттамы: ДЭУ-21 - А.Мамыров көчөсү (Волчья яма) – Ак-Тилек кичи району - Б.Осмонов – Р.Абдыкадыров (Черемушки) – Ш.Руставелли – Г.Айтиев – Курманжан датка – Джиннах (Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайга чейин).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17575