Садыр Жапаров Түркиянын министрлигине боз үй тартуулады
RU

Садыр Жапаров Түркиянын министрлигине боз үй тартуулады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун атынан салттуу стилде кооздолгон улуттук боз үй тартууланды. Тиешелүү сертификат Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фиданга тапшырылды.

Маалым болгондой, Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Анкарага жумушчу сапары менен барган.

Анда аймактык кызматташуу, экономикалык өнүгүүсү жана маданий байланыштарын чыңдоо, ошондой эле көп тараптуу жана эки тараптуу форматтагы өлкөлөрдүн өз ара аракеттешүүсүнүн негизги маселелери талкууланды.

"Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун белеги эки тараптуу кыргыз-түрк мамилелеринин гармониясын, эки боордош элдин тарыхынын, маданиятынын жана тилинин биримдигинде негизделген өлкөлөр ортосундагы стратегиялык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого тараптардын умтулуусун символдоштурары белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз улуттук боз үйү Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин аймагына орнотулат, анда чет элдик элчилер жана дипломатиялык миссиялардын кызматкерлери кыргыз элинин байыркы тарыхы жана көчмөн маданияты менен тааныша алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17577