Кытай Кыргызстанга аскердик-техникаларды белек кылды (фото)
RU

Кытай Кыргызстанга аскердик-техникаларды белек кылды (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясында Кытай Эл Республикасынын Элдик Боштондук Армиясы тарабынан бекер берилген аскердик-техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Таалайбек Өмүралиев жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвен айым катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө генерал-майор Өмүралиев жана элчи Ду Дьюен аскердик продукциялардын тартууланган үлгүлөрү менен таанышып, алардын техникалык мүнөздөмөлөрүн талкуулашты.

Өмүралиев Кытай Элдик-Боштондук Армиясына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташтыктын деңгээлин мындан ары жогорулатууга ишеним артып жатканын билдирди.

Аскердик-техникалык жардам Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда мурда кол коюлган келишимдерди ишке ашыруунун алкагында көрсөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1758