Экс-премьер-министр Темир Сариевди Аскер прокуратурасына суракка чакыртышты
RU

Экс-премьер-министр Темир Сариевди Аскер прокуратурасына суракка чакыртышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 26-майда Кыргызстандын мурунку премьер-министри Темир Сариев Аскер прокуратурасын суракка чакырылды. Ал Кумтөр алтын кени боюнча сурак берип андан кийин бошотулган. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына укук коргоочу органдардагы маалымат булактары билдиришти.

Эске салсак, парламентте Акылбек Жапаров Кумтөргө байланышкан кырдаалдын жаралышына мурунку президенттерди жана премьер-министрлерди айыптаган. Депутаттын айтмында, Темир Сариев премьер-министр болуп турган кезинде Centerra компаниясына 6 млрд 698 млн 900 миң сомдук доомат койгон, бирок бул сумманы өндүргөн эмес. Сариев мындай маалыматты четке какты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1760