Дипломатиялык шаарчаны курууга берилген жер тилкесине байланыштуу ири махинация ачыкталды
RU

Дипломатиялык шаарчаны курууга берилген жер тилкесине байланыштуу ири махинация ачыкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дипломатиялык шаарчаны куруу үчүн берилген жер тилкесине байланышкан махинациялык аракеттер аныкталды. Бул тууралуу Башку прокуратыранын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан борбор калаанын түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан, жалпы аянты 3,80 гектар болгон жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды даярдоодо жана берүүдө коррупциялык схема аныкталды.

Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында, 1997-жылдын 8-декабрында Тышкы иштер министрлигинин кийлигишүүсүнүн натыйжасында, Бишкек шаардык мэриясынын токтому менен Б.К.Р. жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, ошол эле учурда Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк ардактуу консулу болгон адамга ижара шартында, чет мамлекеттин резиденциясын куруу үчүн аянты 6,8 гектар жер берилгендиги такталган.

Бирок, Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы М.Т. жана ушул эле ведомствонун башка кызмат адамдары өздөрүнө пайда табуу максатында, жер тилкесине болгон ижара акысын төлөбөгөн, жогоруда аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун директору менен кылмыштуу бүтүмгө барышып, 2006-жылдын 1-ноябрында көрсөтүлгөн 6,8 га жердин ичинен 3,80 га болгон 4 жер тилкесине жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды жасалмалашкан. Аталган жер тилкелеринин баасы 800 000 000 (сегиз жүз миллион) сомдон жогору турат.

Анын үстүнө, чет мамлекеттин резиденциясын курууну негиз кылып алынган жер тилкелерине дипломатиялык шаарчанын долбоору жасалган эмес жана курулуш иштери жүргүзүлгөн эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу максатында, райондук прокуратура Бишкек шаарынын мэриясына ченемдик-укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө прокурордук акт келтирип, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1764