Бишкекте бир нече ири майнинг-фермалардын ишине бөгөт коюлду
RU

Бишкекте бир нече ири майнинг-фермалардын ишине бөгөт коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштеринин алкагында, жана республикада электр энергиясынын жетишсиздигин эске алуу менен, электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-фермасынын (криптовалюта үчүн өндүрүшүндөгү) мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду. Бул жөнүндө УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан, майнинг-фермасынын эксплуатациялоо үчүн электр энергиясын мыйзамсыз камсыз кылып, экинчиден электр энергиясын керектөөдөн ашыкча киреше алып, андан кийин республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө түшкөн ири өндүрүүчү объекттери аныкталды.

Аталган факт КР УКМК сотко чейинки өндүрүшүнө катталды. Кылмыш ишинин алкагында төмөнкү даректер боюнча майнинг-ферма иштерин уюштуруу үчүн 2 миңге жакын жабдуу алынган:

  • Чүй областы, Ысык-Ата району, Дружба айылы;
  • Бишкек шаарынын, Чокан Валиханов көчөсүндөгү өнөр жай
  • объектилери;
  • Бишкек шаарынын, Табалдиев көчөсүндөгү өнөр жай объектилери;
  • ЭЭА аймагындагы Бишкек шаардык өнөр жай объектилери;
  • Бишкек шаардык "Фрунзе" заводу, Интергельпо көчөсү;
  • Бишкек шаарындагы, Чокан Валиханов көчөсүндөгү жеке менчик
  • объект.

Учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1765