Даниел Ажиевдин апасы унаасы менен жаңы Ак үйдүн дарбазасын сүздү
RU

Даниел Ажиевдин апасы унаасы менен жаңы Ак үйдүн дарбазасын сүздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Соттолгон Даниел Ажиевдин апасы унаасы менен жаңы Ак үйдүн дарбазасын атайылап сүздү. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынан окуя тууралуу милицияга 17-октябрда саат 14:44 чамасында билдирүү түшкөнүн кабарлады.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Жерине ыкчам топ барып, айдоочу 1959-жылы туулган А.С. экени такталып, райондук башкармалыкка жеткирилди.

Учурда териштирүү уланууда, жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет деп убадалашты милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17717