Жүк көтөргүчтү иштеткен киши дөңгөлөктүн алдында калып каза тапты
RU

Жүк көтөргүчтү иштеткен киши дөңгөлөктүн алдында калып каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балыкчыда эски оор жүк жүктөгүчтү иштеткен адам, дөңгөлөктүн астында калып, каза тапты. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, кечээ, 26-майда Балыкчы ШИИБдин ооруканасына аларга келгенче эле жан берген адамды кабыл алдык деген билдирүү түшкөн.

"Эски жүктөгүчтү башкарган айдоочу моторду иштетип жатып кыймылдаткыч ылдый оодарылып келе жатканын байкаган бирок чыгууга үлгүрбөй калган",- деп билдирди облустук ички иштер бөлүмүнөн.

Бул иш боюнча "Шалаакылык" беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1771