Вице-мэрден пара талап кылган деген шек менен прокуратуранын кызматкерлери кармалды
RU

Вице-мэрден пара талап кылган деген шек менен прокуратуранын кызматкерлери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери жана анын ортомчусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдардагы булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, көзөмөл бөлүмүнүн башчысынын орун басары (Аскер прокуратурасынын мурдагы кызматкери) А.Дж. жана юрист учурдагы вице-мэр Рамиз Алиевден "Тазалык" муниципалдык ишканасындагы текшерүүнү токтотуу үчүн 5 миң доллар пара талап кылышкан. Алар 3,5 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган.

Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары да УКМКга жеткирилгени айтылды.

Буга чейин Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан "Тазалык" муниципалдык ишканасына текшерүү жүргүзүлүп, айрым кызматкерлер 134,2 тонна жалпы суммасы 7 млн 179 миң 498 сомдук күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз берүү менен бюджеттик каражатты коротуп жибергени аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17731