Бишкекте таксистти карактап кеткен жүргүнчү кармалды
RU

Бишкекте таксистти карактап кеткен жүргүнчү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте таксистти жүргүнчүсү карактап кеткен. Шектүү колго түшүрүлгөнүн Биринчи Май РИИБден маалымдашты.

Милициядан билдиришкендей, 11-октябрда такси айдоочусу Н.Б. укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчүсү 1150 сом жол кирени төлөбөй, курч буюм менен коркутуп, 500 сомун алып, белгисиз тарапка кеткенин билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Рейддин жүрүшүндө 1985-жылы туулган С.Р. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган жаран буга чейин ушундай эле кылмыш фактыларын жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгону аныкталды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17739