Ырчы Кайрат Примбердиев жубайы менен эки жолго түшкөнүн айтты
RU

Ырчы Кайрат Примбердиев жубайы менен эки жолго түшкөнүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев жубайы менен эки ажырым жолго түшкөнүн айтты. Бул туурасында ал Instagram баракчасында билдирген.

"Эки жолго түшсөк дагы тилегибиз, оюбуз бир. Балдарыбызга татыктуу билим, жакын болбосок дагы татыктуу тарбия берүү.

Мен сени менен өткөргөн 11 жылыбыздын ар бир мүнөт, секундасына ыраазымын!

Болгону экөөбүз жашоодо бири-бирибизге аткара турган роль, вазыйпабызды аткарып бүттүк окшойт. Жүрөгүмдө 1 грамм таарынычым жок. Билем, сен да мага ыраазысың жана таарынычың жок.

Мен жаныңда болбосом дагы баардык колдон келген колдоомду көрсөтүп турам сага! Сага аялдык, адамдык бакыт каалайм! Ыраазымын сага",- деп жазган.

Жубайы да пост жазып, эки жолго түшкөндөрүнө эч кимди күнөөлөбөй турганын билдирген. "Биз ажыраштык, бирок дос бойдон калдык",- деп жазды жубайы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17742