Эч ким силердин акчаңарды жеп албайт. Бишкек мэриясы жүргүнчүлөргө кайрылуу жасады
RU

Эч ким силердин акчаңарды жеп албайт. Бишкек мэриясы жүргүнчүлөргө кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүнөн карточка алып, накталай эмес 17 сомдон төлөмгө өтүүнү өтүндү.

"20 сомдон накталай төлөгөн акчаңар автобазанын эсебине толук түшпөй жатат.

Эгер бул көрүнүш улана берсе 4-5 жылдан кийин азыркы жаңы автобустар дагы мурдакыдай автобустардын мүрзөсүнө айланат. Себеби, запастык бөлүктөр өз убагында алынып келинип турбаса, оңдоо иштери өз убагында жүргүзүлбөйт", - деп жазылат кайрылууда.

Ошол эле учурда, шаар мэриясы "шаарга тез-тез келип тургандар кандай кылабыз?" дегендерге жооп бере кетти.

"Силер да карточка алып, мисалы карточкаңарга 100 сомдон баштап, 1000 сомго чейин салып койгула да келген сайын 17 сомдон төлөй бергиле. Ар бир колдонгон учурда гана 17 сомдон кемип турат. Шаарга келбесеңер, автобуста жүрбөсөңөр 1 жыл болсо да акчаңар сакталып тура берет. Эч ким силердин акчаңарды жеп албайт. Качан гана автобуска түшсөңөр 17 сомдон кемип турат."

Баш аягы шаарды 1500 автобус тейлей турганын, ушул автобустар элдин эле акчаларына сатылып келгенин, бери дегенде 15-20 жыл элге кызмат кылыш керектигин кошумчалай кетишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17746