Илим Карыпбеков Азиз Суракматовду үй камагына чыгарыңыздар деп кайрылуу жасады
RU

Илим Карыпбеков Азиз Суракматовду үй камагына чыгарыңыздар деп кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык кеңешке Кыргызстан элдик демократиялык партиядан аттанган талапкер Илим Карыпбеков Азиз Суракматовду үй камагына чыгарууну өтүндү. Ал Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылуусун Фейсбукка жарыялаган.

Ал белгилегендей, КЭДП шайлоодон четтетилгени менен, шайлоо процессинде активдүү катышуучу бойдон калат. Анын айтымында, партия кайрадан шайлоого даярданып, көптөгөн маселелер, анын ичинде талапкерлердин тизмеси партиянын ичинде талкууланып жатат. Ал эми Азиз Суракматов партиянын штабынын башчысы бойдон калууда.

Карыпбеков бийлик мамлекеттик органдардын жана башка структуралардын шайлоо маселелерине кийлигишпөөсүнө кепилдик бергенин эске салды.

"Лидердин кармалышы партиянын мындан аркы кадамдарына таасирин тийгизбей койбойт. Мен бир гана өтүнүч менен кайрылып жатам. Азиз Суракматов буга чейин жашынып жүргөн эмес жана келечекте дагы из жашырбайт. Бул адам өзүнүн күнөөсүз экендигин мыйзам чегинде далилдей алат деп ишенебиз. Партиянын шайлоого катышуусуна же катышпоосуна саясий басым жасалган деген пикир болбошу үчүн аны үй камагына чыгаруу керек", - деди Карыпбеков.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-майда коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектелип Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1774