Мушкер Медет Жээналиев көлгө чөккөн окуучуну куткарам деп каза тапты (жаңыланды)
RU

Мушкер Медет Жээналиев көлгө чөккөн окуучуну куткарам деп каза тапты (жаңыланды)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эрежесиз эр уруш боюнча мушкер Медет Жээналиев сууга чөккөн окуучуну куткарам деп каза тапты. Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, мушкер достору менен көл жээгинде болгон. Ошол учурда катуу толкун башталып, кыз сууга чөгө баштаган. Спортчу жана анын достору окуучуну куткарууну көздөгөн. Натыйжада кыз куткарылган, бирок Жээналиев жээкке чыга алган эмес.

Эртеси куткаруучулар мушкердин денесин суудан таап чыгып, моргго өткөрүлгөн. Маркумдун сөөгү жерге берүү үчүн Нарын шаарына жөнөтүлгөнү айтылат.

Ысык-Көл ОИИБден жогорудагы окуя боюнча маалымат берди. 12-майда милициянын нөөмөт бөлүмүнө Бактуу-Долоноту айылындагы эс алуу үйүндө жашап жүргөн 1995-жылы туулган М.Ж.нын дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө ошол күнү айылдын пляжында төрт өспүрүм кыз сууда сүзүп жүргөнү аныкталган. Алардын бири чөгүп баштаганда, М.Ж. жана анын жанында жүргөн досу кызды куткармакчы болушкан.

Кыз куткарылган, бирок М.Ж. сууга чөгүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары анын сөөгүн эртеси эртең менен табышкан дешет башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17825