Көлдүн жээгине кум төккөн компанияларга 5,5 млн сом айып салынды
Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы жээкке топурак жана кумду мыйзамсыз төккөн 3 курулуш компаниясына Экологиялык жанан техникалык көзөмөл кызматы тарабынан айып салынды.
Айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн жалпы компенсациянын суммасы 5,5 миллион сомду түзгөн.
Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы бир катар курулуш объектилеринде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө Ысык-Көлдүн суу фондусуна караштуу жерлерге мыйзамсыз түрдө топурак жана кум төгүлгөнү, ошондой эле экологиялык мыйзамдардын талаптары бузулганы аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен компанияларга административдик айыптар салынды. Алар:
Маалымат үчүн: (компенсациялык төлөмдөр)
"Авангард Резорт" ЖЧКсы - 1 925 237 сом;
"КыргызИнвестСтрой" ЖЧКсы - 1 929 562 сом;
"Елизавета" ЖЧКсы - 1 711 791 сом.
Мындан тышкары, мыйзам бузууларды жоюу, мамлекеттик экологиялык экспертизадан өтүү жана уруксат берүүчү документтерди тариздөө боюнча көрсөтмөлөр берилген.