Бишкекте айт намазы эски аянтта окулат
414
Бишкекте Курман айт намазы эски аянтта окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Айт намазынын программасы төмөнкүдөй болот:
- Саат 06:30–07:00 - Куран окуу жана баяндамалар;
- Саат 07:00–07:25 - куттуктоо жана Курман айттын артыкчылыктары тууралуу баяндоо;
- Саат 07:25–07:30 - айт намазын окуунун тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
- Саат 07:30 - айт намазын окуу жана дуба кылуу.
Эске салсак, Кыргызстанда Курман айт майрамы быйыл 27-майда белгиленет. Ал эми 26-май - арапа күнү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17865
