Кытайда газ жарылып, 90 адам каза болду. Садыр Жапаров көңүл айтты
RU

Кытайда газ жарылып, 90 адам каза болду. Садыр Жапаров көңүл айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайдын түндүгүндөгү Шаньси провинциясындагы көмүр шахтасында газ жарылып, кеминде 90 адам каза болду. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, шахтада 247 жумушчу болгон.

Цинъюань өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигинин маалыматы боюнча, куткаруу иштери уланууда жана кырсыктын себеби аныкталууда.

Бул окуяга байланыштуу президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Анда өлкө башчы адамдардын өмүрүн алган кырсык тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгилеген.

"Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм", - деп айтылат телеграммада.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17868