Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азиз Алымкуловго өкүм чыкты
RU

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азиз Алымкуловго өкүм чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Азиз Алымкуловго карата өкүм чыкты. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына борбордун Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 26-майындагы өкүмү менен Алымкулов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, ал VI категориядагы айыпка жыгылды, башкача айтканда , 260 миң сом мамлекеттик казынага төгүп берет.

Эске салсак, 2-апрелде тергөө соту Алымкуловду 2021-жылдын 31-майына чейин УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы К.Ж менен биргеликте Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге жөнөткөн.

31-мартта Бишкекте Аскер прокуратурасынын кызматкерлери мурдагы вице-мэр Азиз Алымкуловду кармашкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, мурдагы вице-мэр кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Ал муниципалитеттин кызматкерлерине алардын филиалдары үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз каттоодо кысым көрсөткөн деп айтылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1788