Чек ара маселесинен, үй-бүлөлүк зомбулукка чейин. Жергиликтүү кеңештеги аялдардын максаты
RU

Чек ара маселесинен, үй-бүлөлүк зомбулукка чейин. Жергиликтүү кеңештеги аялдардын максаты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында аялдардын жергиликтүү кеңешке шайлоого катышуусунун жыйынтыктары чыгарылып, республика боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аял депутаттардын өкүлчүлүгүнүн көбөйгөндүгү белгиленди.

БШКнын маалыматы боюнча, быйыл жергиликтүү кеңештердеги аял депутаттардын саны 11% дан 38% га чейин өстү. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине шайлоонун тарыхында биринчи жолу айылдык кеңештин ар бир шайлоо округу боюнча аялдардын мандаттарынын кеминде 30% резервинде калтыруу тартиби колдонулду. Бул натыйжалар БШКнын БУУӨПтүн Кыргызстандагы шайлоону колдоо программасы, БУУ-Аялдар, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана жергиликтүү өнөктөштөр менен шайлоо процесстерин иштеп чыгуу жана колдоо боюнча биргелешкен жана жемиштүү кызматташтыгынын натыйжасында жетишилди.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тегерек столдун башка катышуучулары 2021-жылдын апрелиндеги шайлоо учурунда аялдар дуушар болгон кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар жана алардын Кыргызстандын жергиликтүү жамаатынын өнүгүшүнө кандай салым кошуп жаткандыгы жөнүндө сүйлөшүштү.

Дарыйка Калыкова, Баткен районунун Кара-Булак айылынын жергиликтүү кеңешинин төрайымы

- Мен Баткен облусундагы өз округумдан жергиликтүү кеңештин депутаты, төрагасы болуп шайланып калганыма сыймыктанам. Биздин депутаттык иш чек ара аймактарындагы жаңжалга туура келди, биз болсо ишибизди оор иштерден баштадык. Үй-жайсыз калган аялдарга жардам берип, чек арачыларга ысык тамак берип, гуманитардык жардам тараттык. Депутат аялдар жергиликтүү бюджетти адилеттүү бөлүштүрүп, социалдык жана билим берүү маселелерин чечет деп ишенем. Элибиздин үмүтүн актай алабыз.

Мээрим Молдалиева, Нарын районунун Байзак айылынын жергиликтүү кеңешинин төрайымы

- Биздин тургундардын колдоосу менен Байзак айылынын жергиликтүү кеңешинин төрайымы болдум. Аял үй-бүлөсүнө жана коомчулугуна кам көрө алат жана айылдаштары үчүн жакшы шарттарды түзө алат. Мен жаштарыбызга кесиптик билим алууга, жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүүгө, айылдын инфраструктурасын жакшыртууга жана аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртууга өбөлгө тузгүм келет.

Мавлюда Масыдыкова, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн төрайымы

- Жолдошумдун жана бүт үй-бүлөмдүн колдоосу менен депутат болдум. Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу менин алдыдагы ишимдин эң негизгиси деп эсептейм. Жаш аялдарга зордуктоочулардын колунан жапа чегип калбашы үчүн, аларга жардам берүү жана колдон келгендин бардыгын жасоо керек. Ошондой эле, райондун турмушунда чечиле турган жана шайлоочулардын ишенимин актоо үчүн дагы көптөгөн маанилүү маселелер бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1790