COVID-19га каршы акы төлөнгөн эмдөө. Министрлик бааларды көзөмөлдөөнү убада кылууда
RU

COVID-19га каршы акы төлөнгөн эмдөө. Министрлик бааларды көзөмөлдөөнү убада кылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жеке борборлордон акча төлөп алына турган коронавирустук вакциналардын баалары көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радионун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги, журналисттин "Вакцинанын баалары асман чапчып кетпейби" көзөмөлдөнөбү деген суроосуна бул сапар андай болбостугун убадалады. Себеби жеке ишкерлер бааны каалагандай калчаары баарыбызга маалым.

"Бардык вакциналар Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги аркылуу сатылып алынат. Албетте өндүрүүчүдөн сатып алган бааларды билебиз жана бул ишти монополияга каршы комитет көзөмөлгө алат. Ал эми жеке фирмалардын шарттарын биздин адистер көзөмөлдөйт. Кандай болгон күндө да акы төлөп эмдөө алгысы келген жарандар чыкпай койбойт экен", - деди Бейшеналиев.

Эскерте кетсек, кыргызстандыктар Sputnik V вакцинасын акы төлөп ала алышат. "Дары-дармектерди алып келген жеке ишкерлерибиз Sputnik Vни бул жакка алып келүүгө аракет кылып жатышат. Эгер бул ишке ашса, анда акы төлөп эмдөө алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Алар "Sputnik Vни "алып келишсе, албетте, эмдөө үчүн акча төлөйсүнөр. Ал эми биз алып келген вакциналар калкка бекер жасалат ", - деген министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1791