Милиция ноутбук уурдаган адамды кармады (видео)
RU

Милиция ноутбук уурдаган адамды кармады (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкерлери эки ай мурун уурдалган ноутбукту уурдаган кылмышкерди кармады. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин районунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 5-апрелде борбор калаанын тургуну С.А., 55 миң сомдук ноутбук уурдап кеткен адамды табуу өтүнүчү менен кайрылган.

Ыкчам кызматкерлер тарабынан кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган И.А. кармалып, бир айга камакка алынды.

Кармалган адамга ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн И.А.ны жоопко тартуу өтүнүчү менен дагы эки арыз келип түшкөн.

Азыр анын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Шектүү адамдын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар, Ленин райондук ички иштер башкармалыгы төмөнкү телефон номерлери боюнча кабарлап коюуну өтүнөт: 0312 35 29 47, 0312 65 44 94, 0700 97 22 22 жана 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1794